ИИМдин атайын даярдыктагы "Шумкар" полку 850 миң сомду мыйзамсыз короткон

Жазылуу
Бул иштин арты менен бир катар офицерлер кызматтан алынган

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. ИИМдин ички иликтөө кызматынын жана УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы "Шумкар" полку 850 миң 200 сомду мыйзамсыз коротконун аныктаган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, каражатты мыйзамсыз колдонуу 1-январдан 1-декабрга чейин жүргөн.

Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байкоочу кеңеш: жаңы үйгө электр кубатын киргизүү үчүн 20 миң доллар пара сурашат
Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында финансы бөлүмүнүн адиси, ага лейтенант И.А., милициянын майору И.Ч. жана кадр бөлүмүнүн кызматкери, милициянын капитаны Т.С. кызматтан алынган.

Ал эми аталган бөлүмдүн жетекчилиги менен ротанын командирлерине карата дисциплинардык жаза берилсе, инспекторлор ээлеген кызматынан алынган.

Кызматтык териштирүүнүн материалдары юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0