Москва: жер өтмөккө кирип кеткен автобустан КР жарандары жабыркаган жок

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүНа западе Москвы автобус въехал в подземный переход
На западе Москвы автобус въехал в подземный переход - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын айынан беш киши каза болуп, 15и жаракат алган

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Москвадагы же алдындагы өтмөккө кирип кеткен автобустан каза болгондор менен жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилиги билдирди.

Белгилей кетсек, каргаша 25-декабрда болгон. Жүргүнчү ташыган автобус "Славянский бульвар" метросунун жер өтмөгүнө кирип кетип, кишилерди коюп кеткен.

Акыркы маалыматтар боюнча жол кырсыгынан беш киши каза болуп, 15и түрдүү жаракаттарды алган. Кармалган айдоочу автобустун тормозу иштебей калганын билдирген.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө, аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0