Бурананын жанындагы мушташ: бир баланын башы жарылган, экөө ооруканада

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда милиция мушташка катышкан башка балдарды издеп жатат

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Белгисиз балдардын тобу Токмоктогу Бурана музей комплексинин аймагынан үч баланы сабап кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Жабыр тарткан бир баланын башы жарылгандыгы айтылды.

"Окуя 26-декабрга караган түнү болгон. Алдын ала маалымат боюнча балдардын тобу үч баланы сабап, алардын бирөө оор абалда", — деп милициядан маалымдашты.

Чүй облустук жана Чүй райондук милициянын кызматкерлери мушташка катышы бар шектүүлөрдү издеп жатат. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0