Чүйдүн Кегетисинде мектептеги дискотекадан 110 киши ууланды

Жазылуу
Дискотека саат 14:00дө башталып, болжол менен үч сааттан кийин окуучулар ооруканага түшө баштаган

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Чүй облусундагы Кегети айылынын Исаев атындагы орто мектебинин 7-8-классынын окуучулары генератордон чыккан түтүнгө ууланып, ооруканага түштү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан билдирүүдө 7-8-класстын окуучулары электр жарыгы жок учурда мектептин спорт залында электр чыгаруучу генератордун жардамы менен дискотека уюштурушканы айтылат.

Дискотека саат 14:00дө башталып, болжол менен үч сааттан кийин окуучулары ооруканага түшө баштаган.

110 кишинин арасында мугалимдер да бар. 38 киши ооруканага жаткырылып, үч окуучудан башкалары үйлөрүнө чыгарылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0