Сириядан согуштук даярдыктан өтүп келген КР жараны кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековПоиски беглого заключенного в районе рынка "Дордой"
Поиски беглого заключенного в районе рынка Дордой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү Кыргызстандын аймагына кирип бир нече теракт жасоону пландаган

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 2016-жылдан бери эл аралык террордук уюмдун курамында атайын даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күч структураларына каршы согушка активдүү катышкан КР жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, декабрь айында Улуттук коопсуздук кызматы эл аралык террордук уюмдардын каналдарын аныктоо максатында терроризмге каршы иш-чараларды уюштурган.

"Ыкчам аракеттердин натыйжасында эл аралык террордук уюмдун жетекчилеринин тапшырмасы менен Кыргызстандын аймагына кирип, бир нече теракт жасоону пландаган киши кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүгө карата Кылмыш жаза кодексинин 375-беренеси (жалдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0