Беловодское айылында балаты өрттөнүп кетти. Кырсыктын видеосу

© Sputnik / Медиабанкка өтүүЖаңы жылдык балаты. Архив
Жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт жаңы жылдык салюттарды одоно колдонгондон келип чыккан. Жергиликтүү тургандардын арасында жабыркагандар жок.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Чүй облусундагы Беловодское айылында жаңы жылдык балаты өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына ӨКМден билдиришти.

Кырсык тууралуу билдирүү 101 кызматына 22.52де келип түшүп, өрт 20 мүнөт ичинде өчүрүлгөн. 

ӨКМдин атайын адистеринин болжолдуу маалыматына ылайык, балаты жаңы жылдык салюттун одоно колдонулганынан улам күйүп кеткен. Жергиликтүү жашоочулардын арасында жабыркагандар жок. 

Жаңылыктар түрмөгү
0