Беловодское айылында энеси менен кызын үйүнөн атып кетишти

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүМилиция кызматкерлери издөө иштери учурунда. Архив
Милиция кызматкерлери издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча эки аял 100 миң сомдун айынан киши колдуу болгон

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Чүйдүн Беловодское айылында өз үйүнөн эки аял киши колдуу болуп, дагы бир эркек киши жабыркаганын укук коргоо органдарындагы жеке булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш 1-январга караган түнү болгон. 

“Кылмышкерлер үйдө 100 миң сом бар экенин билип, ошону алганы келишкен. Аялдар үй ичинен эле октон каза табышкан. Үй ээси жабыркаган. Каракчылар акчаны алып, из суутуп кетишкен. Канча киши экени да белгисиз. Учурда алар изделип жатат”, — дешти милициядан.

Ушу тапта милиция Чүй облусу менен Бишкек шаары боюнча “Перехват” планын жарыялады. Тартип сакчылары ак түстөгү Subaru Forester унаасын издеп жатат.

Чүй ОИИБ аталган кылмыш тууралуу кабары жок экенин билдирди. Ал эми ИИМдин маалымат кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0