Тирүүлөй жыныстык мүчөсүн кесип салган... Декабрдагы чуулуу 8 соттук чечим

© REUTERS / Mohammad IsmailТеракт в Кабуле
Теракт в Кабуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ала жипти аттаган келиндин жоругу, туристти ур-токмокко алгандар, бычакталган зордукчу. Айтор, төбө чачың тик турат.

Өтүп кеткен 2017-жылдын соңку айы соттор үчүн оор айлардан болду. Sputnik Кыргызстан агенттиги декабрь айындагы чуулгандуу 8 соттук чечимди сунуштайт.

Тууганын жыныстык мүчөсүз калтырган…

Взрыв на посту ДПС в Казбековском района Дагестана - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги жардыруу, Германияга сатылган 55 тонна жез. 90-жылдардагы кылмыштар
Окуядагы мыкаачылыктын жеткен чеги таң калдырат. Кызганычтын айынан бири-бирине тууган келген эки кишинин бири көз жумса, дагы бири темир тор артына кетти. Соттолгон адам жубайынын көзүнө чөп салып жүргөнүн билип калып, аялына көңүлдөш болгон тууганын эки досу менен чакырып чыгып, катуу сабайт. Кийин сотто айтып бергенине караганда ал маркумдун "ким менен жатсам-койсом өзүм билем" деген сөзүнөн кийин кармана албай калган. Достору менен айыпкердин башын жарып тим болбостон, жыныстык мүчөсүн да кесип салышкан. Алган жаракатынан сабалган киши каза болгон.

33 жаштагы үй ээсинин үч баласы эми атасын 12 жылдан кийин көрмөй болду…

Эки жылда эки миллион уурдаган шылуун

Кайниси менен тез эле тил табышып алган жездеси жеке ишканага кирип, жарым миллион сомдон ашык акчасы бар сейфти уурдап кетишкен. Андан бир жыл өтпөй эле дагы бир жеке ишкердин кампасына куралчан барып, ал жактагы жумушчуларды катуу сабап 1,5 миллион сомдон ашык акчасын алып, BMW үлгүсүндөгү унаасын айдай качышкан. Ошентип жасаган кылмышын мойнуна алган жаранды сот үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыратты.

Арак, долулук, өлүм

Операция по уничтожению оружия в Каракасе - Sputnik Кыргызстан
Кызын калкалап ок жеген эне, классташын өлтүргөн өспүрүм. Ноябрдагы соттук 8 чечим
Сойкулук менен жан баккан 26 жаштагы кыз таксисттин колунан каза болгон. Түгөйлөр кечинде арак ичип отуруп уруша кетишет да эркек беркини ошол жерге таштап салып, кетип калмакчы болот. Буга көнбөгөн кыз унаанын алдына туруп алып аны кетирбей койгон. Жигит анын долулангандыгына карабай машинасын айдай бергенде, кыз автоунаанын алдында калып, көз жумган. Сотто жигит "кызды ары басып кетти деп ойлогон элем" деп актанган.

Кылмыштын изин жашыруу максатында жигит аны тоого алып барып көөмп салган. Көп өтпөй эс алуучулар маркумдун сөөгүн таап алышкан. Эми таксист өмүрүнүн тогуз жылын темир тор артында өткөрөт.

Ушуну көрмөк

Жубайлар кичинекей баласынын көзүнчө уруша кетишкен. Жабыркаган аялдын айтымында, күйөөсү андан жубайлык милдетин аткарууну талап кылган. Болбой койгон жубайын эркек зордуктап салган. Бирок медициналык эспертиза жыныстык катнаш болгонун далилдеген эмес, бирок аялдын башы менен денесиндеги көгала тактарды аныктаган. Үй ээси эми сүйүктүүсүнө моралдык зыян келтиргендиги үчүн 17 миң сом жана беш миң сом айып пул төлөмөр болду.

"Боорукер" шылуун

Шектүү темир тор артында жаза өтүп жаткан балдардын энелерин таап, уулдарына жардам берем деп акча алып турган. Бул кызматы үчүн ал 100 доллардан 400 долларга чейин "шыпырган". Арам акча таап күн көргөн жаран эми өзү жети жылга эркинен ажыратылды.

Саанчыдан бычак жеген эргул

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: чет өлкөдө эркинен ажыраган КР жарандарынын саны 2 миңге чукулдайт
Жеке ишкер 57 жаштагы аялды уй сааганга жумушка алган. Бир күнү аял картошка аарчып жаткан маалда үй ээси андан жыныстык катнашка баруусун талап кылган. Аял ошол маалда эркекти бычак менен ичке сайып жиберген. Жабырлануучу дарыгердин жардамы менен аман калган. Көрсө, саанчы келин буга чейин адам өлтүрүп соттолгон экен. Эми зордукчунун айынан дагы беш жылын түрмөдө өткөрмөй болду.

Алмурут үчүн чыккан чатак

Жабыркаган келиндин айтымында, күйөөсү экөөнүн чырына алмурут себеп болгон. Жолдошу жубайын бир ящик алмурутту бекер таратып жибердиң деп кол көтөргөн. Соттун чечиминин негизинде күйөөсү эми аялына 15 миң сом акча төлөп берет.

Кыргыз кыздарга "күйгөн" жигиттер

Случаи разбойных нападений в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Токмокто кылмышкерлер үй-бүлөгө кол салып, эки бир тууган каза болду
Франциядан келген чет элдик жергиликтүү досу менен Караколду кыдырып жүрөт. Жигиттер менен эки кыз да эс алып жүргөн болот. Кыргызстандык бала дүкөнгө кирип кеткен маалда французду байкап калган жергиликтүүлөр ага асыла башташат. "Кыргыздар түгөнүп калгансып чет элдиктер менен жүргөн" кыздарды сөгүп-сагып, мейманды катуу сабап, кол телефонун алып кетишкет. Натыйжада короздой чокчоңдогон "патриоттор" шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0