Бишкекте кемпирдин 8 миң долларын алдап алып кетти делген киши кармалды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки киши кемпирге "машина сатып алганга жардам беребиз" деп ишеничине кирип, акчасын алгандан кийин из жашырып кетишкен

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кемпирдин ишеничине кирип ири суммадагы акчасын алдап кетти делген Пакистандын жаранын Октябрь РИИБдин кызматкерлери кармады. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 65 жаштагы аял киши бейтааныш кишилер анын ишенимине кирип, ири суммадагы акчасын алдап кетишкен.

"2017-жылдын жайында шаардагы соода комплекстеринин биринин алдынан эки киши 65 жаштагы аялга "машина сатып алууга жардам беребиз" деп 8 миң долларын алдап алып кетишкен", — деп милициядан билдиришти.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 94-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

4-январда мындай кылмышка баргандардын бири деген шек менен Пакистандын 37 жаштагы жараны кармалды. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0