Бишкекте үйгө кирип барып тургундарды коркутуп карактап кетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи разбойных нападений в Кыргызстане
Случаи разбойных нападений в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектелип 27 жана 20 жаштагы эки жаран кармалды

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкектик тургундардын батирине белгисиз адамдар кирип келип коркутуп менен уюлдук телефон менен акча каражатын алып кетишкен. Бул тууралуу ШИИБден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, окуя 7-январда болгон.

"Калаа тургундары белгисиз адамдар батирге кирип келип коркутуп iPhone 5 үлгүсүндөгү уюлдук аппарат менен 50 миң сомун алып кетишкенин билдирип арыз жазышкан. Анын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон", — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектелип 27 жана 20 жаштагы эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0