Чек ара кызматы: декабрда чек арада алты эсе көп мыйзам бузуу катталды

© AFP / Вячеслав ОселедкоГраница Кыргызстана с Узбекистаном
Граница Кыргызстана с Узбекистаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылдын декабрында чек аранын бузулушу боюнча болгону 6 факты катталган

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. 2017-жылдын декабрь айында мамлекеттик чек араны бузуу фактылары мурдагы жылга салыштырмалуу алты эсе көп катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.

Чек арачылар жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"2016-жылдын декабрында болгону 6 факты катталса, былтыр 36 учур катталды. Биз чек арага жакын жашаган айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чек арага жакын аймакка мал жаюуга болбой турганын айтып жатабыз", — деп жазылат маалыматта.

Мындай аракеттер жакшы жыйынтык берерин Мамлекеттик чек ара кызматы баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0