Санариптик телеберүүлөр эмнеге начар көрсөтүп жатканын байланыш комитети түшүндүрдү

Жазылуу
Комитет аянварь айында калкка жакшы иштеген бир нече ресиверлердин тизмесин сунуштайт

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында жана анын айланасында санариптик телерадиоберүүлөрдүн жакшы иштебей жатышына сапатсыз ресивер себепкер. Мындай пикирин КРдин Информациялык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Медербек Курманбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Социалдык пакетте 14 канал бар, алардын бирөө эле көрсөтүп жатса сигнал өтүүдө деп билсек болот. Эгер бир нече канал жоголуп кетсе, аны сапатсыз ресивердин залакасы деп түшүнүү керек. Бишкекте санариптик көрсөтүүлөрдүн сапаты начарлашына ретрансляторлордун тиешеси жок. Мындай маселе региондордо болушу мүмкүн", — деди Курманбеков.

Анын айтымында, азыр бизде ресиверлердин 6-10 түрү бар. Айрымдарынын сапаты жакшы болсо, айрымдарыныкы начар.

Продажа плазменных телевизоров - Sputnik Кыргызстан
Санариптик берүүгө кантип туташам? СТБ тууралуу бардык суроого жооп
"Ресиверлер 700 сомдон 1300 сомго чейин сатылууда. Биздин жарандарыбыз арзанын алып алып кыйналып жатышат. Бирок бул арзан баадагысы жаман, кымбаты мыкты дегенди түшүндүрбөйт. Биз аянварь айынын ичинде калкка жакшы иштеген бир нече ресиверлердин тизмесин сунуштайбыз", — деди орун басар.

227 айылды камсыздай турган 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлор коюлган. Чүй облусуна – 1, Ысык-Көлгө – 4, Нарынга — 4, Ошко – 7, Жалал-Абадга – 1 жана Баткен облусуна – бирөө орнотулган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2017-жылдын 15-майынан баштап өлкө санариптик телерадиоберүүгө өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0