ОМОН кызматкерлери. Архив

Петербургда куралданган өзбекстандык мигранттар кармалды

428
(жаңыланган 11:38 15.01.2018)
Машинанын ичинде курал-жарак, бейсбол таягы жана топулар табылган

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында укук коргоо органдары "Анаконда" атайын операциясынын жүрүшүндө мигранттар кетип бараткан Mazda үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон. Алардын жанынан союл жана курал-жарактар табылганын Петербургский Дневник маалымат сайты жазды.

Шектүүлөр 10-январга караган түнү аталган шаардын Фрунзе аймагында кармалган. Машинанын ичинде Өзбекстандын 21 жаштан 27 жашка чейинки беш тургуну болгон. Тинтүү учурунда автоунаанын ичинен беш бейсбол таягы, эки тапанча жана топулар табылган. Айдоочунун гана жанында документ болгон.

Кармалгандар териштирүү үчүн полиция бөлүмүнө алып келинген. Автоунаа буга чейин соттолгон кишиге таандык экени аныкталган.

428
Белгилер:
мигранттар, кылмышкер, Санкт-Петербург, Өзбекстан
Тема боюнча
Өзбекстандан Кыргызстанга 5 кг алтын алып чыгууну көздөгөндөр кармалды
Пикирлер