Төрт адамдын өмүрүн алган мас кыз. Чуу жаратып соттон кутулуп кеткендер

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЗдание московского городского суда
Здание московского городского суда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ичип алып рулга отуруп Тез жардам унаасын сүзүп төрт адамдын өлүмүнө себепкер болгон кыз, жай турган жигитти сабап салган эки милиционер, көчөдө өз баласын ич талаштыра тепкен ата. Бул окуялар учурунда коомчулукта кызуу талкууга алынган. Айыпкерлер кандай жаза алганын билесизби?

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Коомчулукта чуу жараткан окуяларды ЖМКлар байма-бай жазганы менен айыпкерлер тиешелүү жазасын албай калган учурлар кездешет. Буга көпчүлүк учурда жабырлануучулар күнөөкөрлөр менен өз ара мунасага келип тосмо арыз жазып бергени себеп болот.

Sputnik Кыргызстан агенттиги соңку бир жылда чуулгандуу окуялардын айыпкерлери соттон кутулуп же жеңил жаза алып калды деп элдин сынына кабылган учурларын иликтеп көрдү.

Жаш жигитти сабаган милиционерлер

Статуя Каина в саду Тюильри, Париж - Sputnik Кыргызстан
Ызы-чуу менен ээрден шыпырылгандар. Ким кантип кызматтан алынды
29-январда Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишиндеги кафелердин биринин чыга беришинен эки милиция кызматкери 21 жаштагы баланы сабап, ал ооруканага оор абалда жеткирилген. Чоң муштум милиционерлер кармалып, ээлеген кызматынан четтетилген. Бирок 10-май күнү жабырлануучу тарап милиция кызматкерлерине эч кандай доосу жок экенин билдиргенден кийин тергөө иштери токтотулганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу шаар прокуратурасы бул чечимди жокко чыгарып, иликтөөнү кайра Бишкек  шаардык милициясына тапшырган. Натыйжада Ленин райондук соту тосмо арызга таянуу менен кылмыш ишин токтоткон.

Тез жардам унаасын сүзүп, төрт адамдын өмүрүн алган кыз

© Фото / пресс-служба МЧС КРТез жардам унаасын сүзүп, төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсык
ДТП с участием машины скорой помощи при въезде в Чолпон-Ату - Sputnik Кыргызстан
Тез жардам унаасын сүзүп, төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсык
Кырсык 1-октябрга караган түнү болжол менен саат 3.00дөр чамасында катталган. Тез жардам кызматынын бригадасы Ысык-Көлдүн Бает айылынан кош бойлуу келинди алып Чолпон-Атаны көздөй бара жатканда Mercedes Benz  артынан келип сүзгөн. Сокку катуу болгондуктан Тез жардам унаасы бир нече ирет аласалып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу, фельдшер, кош бойлуу келин жана анын тууганы каза тапкан. Кийинчерээк Mercedes Benz унаасын ичип алган 23 жаштагы кыз айдап бара жатканы аныкталган. Бирок Ысык-Көл райондук соту аны үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу менен чектелген.

Окуудан куулганына ызаланып дайынсыз жоголгон окуучу

Бишкек шаарындагы №32 мектепте мугалимдердин соңку чогулушунда 9-класстын окуучусу Шамшарбектин окуусу начарлап кеткени боюнча маселе коюлуп, мектептен чыгарып салышкан. Бала ошол күнү үйүнө түнөгөн эмес. Эртеси анын туугандары ызы-чуу болуп, милицияга арыз жазышкан. Өспүрүм издөөгө алынып, үч күн дегенде үйүнөн алыс эмес жердеги каралбай калган имараттын аймагынан табылган.  Бирок бул окуянын күнөөкөрлөрү так кесе аныкталган эмес. Натыйжада мугалим, директор, окуучу, ата-эне бири-бирин кечирип баланы кайра мектепке кабыл алышкан.

Чубак ажынын экинчи аял алышы

© Sputnik / Табылды КадырбековАалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов
Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов - Sputnik Кыргызстан
Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов
Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов кезектеги телеэфирлеринин биринде экинчи аял алганын билдирип, муну менен башкаларга үлгү болууну максат кылганын айткан. Аалымдын бул кадамы коомчулукта кызыл чеке талкууга жем таштаган. Айрымдары буга дин уруксат берет дешсе, кээси "мыйзамды аттап өттү" деген пикирлерин билдиришкен. Бул боюнча Бишкек шаардык милициясы Чубак ажы Жалиловду чакырып эки жолу аңгемелешүү өткөрүү менен тим болгон.

Баласын ичке тепкен ата

Бишкекте 2-декабрда кызыл күрмөчөн киши кичинекей баланы карда жаткан жеринен ичке тээп жибергендиги тартылган видео тараган. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери аны таап, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына алып барышкан. Райондук сот тергөө иштери бүткөнгө чейин аны №1 тергөө абагына эки айга камакта калтыруу чечими чыгарылган. Кыргызстанда бул окуяны талкуулабаган киши дээрлик калган эмес. Кийин анын Сокулук районундагы Мамлекеттик каттоо кызматында иштей турганы аныкталып, кызматынан алынган. Анын кылмыш иши 10-январда Октябрь райондук сотунда каралып ага козголгон кылмыш иши кыскартылган. Башкача айтканда ал акталып чыккан.

Мындан сырткары иликтөө иштери соңуна чыга элек окуялар төмөнкүлөр:

Орзубек Назаровдун кызы кабылган кырсык

Мотоцикл менен Toyota Passo унаасы 19-августта Чүй проспекти жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде кагышып, 21 жаштагы мотоциклчен жигит жан берген. Ал эми унаадагы үч жаш жигит ар кандай жараат менен ооруканага жаткырылган. Көп узабай унаанын алдында отуруп жабыркаган жүргүнчү каза болгон. Белгилүү боксчу Орзубек Назаровдун кызы мотоциклдин артында отуруп бара жаткан. Ал оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатып эки күндөн кийин өзүнө келген. Прокуратура милиция кызматкерлерине карата мотоциклченди негизсиз кууган деп шек санап, жол кырсыгына кабылган кишилерди кооптуу абалда таштап кетүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Мындан улам, милициянын эки кызматкери тергөө иштери бүткөнчө убактылуу кызматынан четтетилген. Бул иш материалдар 5-январда Биринчи май райондук сотуна келип түшкөн.

Сокулуктагы үйдүн үстүнө түшкөн бетон

Сокулук районунун Новопавловка айылындагы турак үйдүн үстүнө бетон плитасы түшүп кетип 25 жаштагы кош бойлуу келин каза болуп, дагы төрт аял ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк буту сынган 47 жаштагы аялды дарыгерлер операция жасоо үчүн алып бара жаткан жеринен жүрөгү токтоп көз жумган. Бул факты боюнча учурда Сокулук райондук милициясында иликтөө иштери жүрүүдө.

Маевкада унаалар менен турак жайларга өрт коюу

Аламүдүн районунун Маевка айылында 17-октябрга караган түнү үйлөрдүн биринин алдына токтотулган Fiat үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле Subaru менен Toyota автоунааларын өрттөө аракети болгон. Андан тышкары, кылмышкер дагы бир үйгө өрт койгусу келген. Шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген болчу. Бул иш азыр Аламүдүн РИИБде каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0