Бишкек — Ош жолунда май ташуучу эки унаа оодарылып кетти

© AP Photo / Felix MarquezМай тушуучу унаалар, Архив
Май тушуучу унаалар, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыктарынан улам жолго 20 тоннадан ашык күйүүчү май төгүлүп калган

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда, тагыраагы, Кара-Көл шаарына жакын жерде май ташуучу эки унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Биринчи жол кырсыгы 14-январь күнү жолдун 422-чакырымында саат 14.00дө болгон, анда DAF үлгүсүндөгү унаа оодарылып калган. Жерге төгүлгөн 1 тонна күйүүчү майды ӨКМ кызматкерлери тазалаган.

Ал эми жолдун 326-чакырымында Volvo унаасы оодарылып кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, 25 тоннадай бензин жерге төгүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0