Актөбөдө жүрүп бараткан автобустан өрт чыгып 52 жүргүнчү күйүп кетти. Видео

© AFP / NELSON ALMEIDA Пожар на автобусе в центре города Сан-Паулу, Бразилия
Пожар на автобусе в центре города Сан-Паулу, Бразилия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автобустун ичинде жалпысынан 57 адам болгон, бешөө сыртка чыгууга үлгүргөн

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Казакстандын Актөбө облусунун Иргиз районунда автобус 52 жүргүнчүсү менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Ички иштер министрлигинин өкүлү Руслан Иманкуловго шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя Самара — Шымкент унаа жолунун 1068-чакырымында, Калыбай айылынан 10 чакырым алыстыкта болгон. "Икарус" үлгүсүндөгү автобус жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнгөн.

"Салондо 55 жүргүнчү менен эки айдоочу болгон. Алар кайсы жактын жарандары экени такталып жатат. Автобустан чыгып кетүүгө үлгүргөн беш адамга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Калган 52 адам ошол жерден көз жумган", — деп билдирген Иманкулов.

Ал эми Актөбө облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинен кабарлашкандай, каза болгондордун бардыгы Өзбекстандын жарандары болгон.

Аталган департаментте учурда оперативдик штаб менен тынымсыз байланыш линиясы ачылды: +7 7132 56-29-62, +7 7132 56-68-85.

Иманкулов окуя болгон жерде полиция, медиктер, куткаруучулар жана психологдор иштеп жатканын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0