ИИМ: "Осьминог" ресторанынын ээси мамлекеттик кайтарууга алынды

Жазылуу
Аталган коомдук жайдын ээси аны кылмыштуу топтун мүчөлөрү өрттөп кеткен деген шеги бар экенин билдирген

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Осьминог" ресторанынын ээси мамлекеттик кайтарууга алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 7-январда "Осьминог" рестораны өрттөнүп кеткен. Анын ээси имаратты кылмыштуу топтун мүчөлөрү атайылап өрттөшкөн деген шегин айткан. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 174-беренесинин 2-бөлүгү менен ("Мүлктү атайылап жок кылуу, же зыянга учуратуу") кылмыш иши козголуп, тиешелүү бир катар экспертизалар дайындалган.

"Ишкердин коопсуздугуна коркунуч жаралганы айтылгандыктан учурда ал ИИМдин мамлекеттик коргоо башкармалыгы тарабынан кайтарууга алынган жана анын коопсуздугу толугу менен камсыздала тургандыгын билдиребиз", — деп айтылат маалыматта.

ИИМ ошондой эле жакын арада өрт боюнча дайындалган тиешелүү бардык экспертизалардын жыйынтыгы чыгарын белгиледи.

Соревнования по стрельбе из пистолета среди депутатов - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков өлкөдөгү криминал менен күрөштү күчөтүүнү тапшырды
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө жана иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катарында турган Ысык-Көл облусунун эки тургуну кармалган. Тинтүү учурунда алардын жанынан баңгизат жана курал-жарак алынган. Аларга карата мыйзамсыз курал-жарактарды сактоо жана баңгизаттарды сактоо беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, камакка алынган.

Тергөө жана иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0