Аялды таш менен уруп жаткан адам. Архив

Мыкаачылык чектен ашканда. Кримдүйнө менен күрөшүүгө эрк жетеби?

2293
(жаңыланган 11:20 21.01.2018)
15-январда премьер-министр Сапар Исаков өкмөт мүчөлөрүнүн көңүлүн өлкөдөгү курчуп бараткан кылмыштуу кырдаалга бурду

Жаңы жылдын алдында көпчүлүк кыргызстандыктардын майрамдык маанайын өлкөдөгү аеосуз карактоолор туурасындагы маалыматтар бузду.

Бүт республика боюнча кылмышкерлер куралчан кол салууларды уюштурушкан. Үйлөргө түн ичинде киришкен.

Беловодское айылында каракчылар 100 миң сомдун айынан бир үй-бүлөгө ок чыгарган. Ысык-Көлдө жаш жигитти ысык үтүк менен кыйнап, акчасын алып кетишкен. Ошто мас киши кошунасын тоноону чечип, аны өлөрчө сабап, андан кийин үйүн өрттөп жиберген. Эки кишини өлтүрүп, баалуу буюмдарын тоноп кетишкен. Жалал-Абад облусундагы Күмүш-Азиз айылында кылмышкерлер улгайган жубайларды жана алардын 15 жашар кызын күрөк жана мык сууругуч менен сабашкан.

Айрымдарын бир нече күн аралыгында кармашты. Калган кылмышкерлер качып жүрөт.

Буларга катар эле Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтор кайрадан баш көтөрө башташканын Жогорку Кеңештин депутаттары айтып чыгышты.

Парламентарий Дастан Бекешев ишкерлер ысыккөлдүк кылмыштуу топторго "отметка кылууга" мажбур экендиктерин жар салды. Анын айтымында, бул абалга УКМК аралашууга тийиш.

Элвира Сурабалдиева "Осьминог" ресторанынын жардырылыш ыктымалдыгын эске салды. Депутат айымдын пикиринде, уюшкан кылмыштуулук топторуна каршы күрөштү милициянын олуттуу түрдө баштоосу үчүн ИИМге эң катуу талаптарды коюу зарыл.

Ал ортодо социалдык тармактын айрым колдонуучулары өлкөдөгү кырдаалдын курчуп баратканынан чочулашууда.

Желеде кыргызстандыктардын суроосу арбыгандан арбып барат. Эл коопсуз өмүр сүрүүнү самайт.

Интернет колдонуучулардын бири Илья Дейнеко үйүн күч органдарына кайтартуу үчүн милиция менен келишим түзүүнү ойлоно баштаган.

"Эл-журт! Жашоо кооптуу боло баштады. Каяктагы кылмышкерлер үйлөрдү тоноп, киши өлтүрүп, адамдарды аткылоодон айбыкпай калышты. Жакындарыма сарсанаамын. Укканыма караганда милиция жеке үйлөрдү кайтарууга алат. Мунун чын-төгүнүн билген барбы?" — деп жазды ал.

Борбор калаанын башка тургуну куралданууга бел байлаган.

"Соңку жаңылыктарды окуп, үрөйүм учат. Биз эмне, 90-жылдарга кайра кайттыкпы? Адамдарды өз үйүндө тоноп жатышат. Травматикалык курал сатып алуу керек болуп калды. Мыйзамдуу жол менен аны Бишкектин кай жагынан таба алабыз?" — деп суроо салды Бактыбек Мейманбеков.

Булардын баары бийликтин көңүлүнөн тыш калбады. 15-январда премьер-министр Сапар Исаков ИИМге өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүүнү табыштады. Өкмөт башчы бул көйгөй калкты олуттуу түрдө чочулатып жатканын, мамлекеттик органдар жарандардын коопсуздугун камсыздоого тийиш экенин баса белгиледи. Министр Улан Исраилов былтыркыга караганда быйылкы жылы кылмыштардын бардык түрүнүн бети көбүрөөк ачылып жатканына токтолду.

Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү кылмыштуулуктун күчөшүнөн улам жаралган кырдаал канчалык кооптуу экенин билүү, эгер убагында ооздуктабаса эмне менен аяктары туурасында тажрыйбалуу серепчилерге кайрылууну чечти. Адегенде Александр Зеличенкого кайрылдык. Милициянын 40 жылдык тажрыйбасы бар полковниги кызык пикирлерди айтып берди.

Известный публицист полковник милиции в отставке Александр Зеличенко в студии ИА Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Милициянын 40 жылдык тажрыйбасы бар полковниги Александр Зеличенкого

— Талап-тоноо байма-бай болуп туруучу көрүнүш. Талоончулар аша чапкан каракчы же бандит деле эмес. Иш аракетин деле пландашпайт.

Мисалы, Жаңы жыл. Майрамдаш керек да. Өзгөчө жигиттер чогулат, кичине кызып калгандан кийин отурушка кыздарды чакырыш керек болот, бирок чөнтөктө бир тыйын жок. "Өткөндө эле Россияда иштеген бирөө туугандарына акча жөнөттү деп уккам, барып көрбөйлүбү…"

Негизинен алар оор кылмышка барып жатканын, курмандыктарды алар сыяктуу эле адам экенин элес алышпайт. Ушул өтө коркунучтуу. Мыкаачылык чектен ашып кетет.

— Александр Леонидович, мындай кырдаалда бийликтин кадамдары кандай болуусу абзел? Милиция эмне кылууга тийиш?

— Өлкөдө рэкеттер пайда боло баштаганда алгачкы кылмыш ишин иликтегенбиз. Агезде Ысык-Көл облустук кылмыш иликтөө башкармалыгын жетектечүмүн. Кылмыш кодекси ылайыктуу берене менен жаңыдан толукталган.

"Каралардын" күч органдары менен чырмалышып кетмей адаты бар. Совет убагында деле ИИМдин жогорку мектебине алар менен байланышы бар балдар өтүп кетчү. Кийин алар органдагы кызматта ачыкка чыгып калчу. Балким бийлик органдарында криминалдык элементтер орун алып калышында ошол эле ыкмалар азыр да колдонулуп жаткандыр.

Уюшкан кылмыштуулук өз аракеттеринин натыйжасында ээлик кылганына маашырланат. 10 банкты "колго алып коюп", көмүскөгө кетишет.

Бирок качан гана алар өз таасирин жана "кирешесин" жогорулатуу үчүн саясатка аралаша баштаганда мафия болуп чыга келет. А бул андан эки эсе кооптуу көрүнүш. Алар бандиттерге каршы күрөштү күчөткөн мыйзамдарга бөгөт болушат. Ушул чакта өлкөдө дал ушундай абал.

Бир нече жыл мурун уюшкан кылмыш топторун кууп таркатышкан, кай бирлерин камашкан, ошондон улам алар чочулап, көздөн далдоо болууга өткөн. Андан соң милиция бир аз бошоңдой түштү. Бул тынымсыз күрөштү талап кылат. Токтоп калды эле, кылмышкерлер кайра баш көтөрө баштады. Кандайдыр кайра жаралуу жүрүп жаткандай.

Алардын көпчүлүгүн билем. Жансакчылар, коштогон унаалар менен жүргөнүн көрөм. Кайрадан мурдагыдай кекирейе, керсейе, кымбат автолордо жүрүшөт…

Маселен, Gelenvagen келе жатат, артынан – кара Jeep. Ким, эмне экендиги дароо байкалат. Мен аларды тааныйм. Анан кантип милиция кызматкерлери билбесин? Эгер билбесең, анда эмнеге ордуңда отурасың? Рапорт жаз да, участкалык ишке өт.

— Тажрыйбаңыз бай, милиционерлерге кеңеш берсеңиз?

— Криминалдык авторитеттердин беделин түшүрүү зарыл. Бул бүтүндөй илим эмеспи. Бизге эски ыкчам кызматкерлер, 30-жылдардагы милиция кызматкерлери айтып беришкен. Кайсы бир "кара" топ уюшканынан кабардар болдуң дейли. Алар каалаганын калчап жатышат, бирок камоого далил жок.

Болгону алардын башчысын чакырам. Ал келет, анын келгенин баары көрүп, угушу үчүн иш бөлмөмө киргизем.

— Мында олтуруп тур, азыр бошой калайын.

Ал бурчтагы отургучка отурат, мен документтер менен иштеп олтура берем — рапорт, маалымкат, дагы бир нерселерди чиймелейм… Ал бир аз убакыт өткөндө:

— Жолдош начальник, бул жерде олтура турган болсом, неге келдим мен?

— Азыр, азыр… Күтө тур.

Ошентип, иш бөлмөмдө аны бир-эки саат кармайм. Анан телефон шыңгырайт. "Кечир, начальник чакырып жатат. Макул, биз сени менен дагы сүйлөшөбүз". Ал кетет.

Өз кишилерине барат, алар эмнеге чакырылганын сурашат. Ал: "Ой, билбейм, кабинетинде жинди кишиче отуруп-отуруп келе бердим" дейт. Ким ишенет буга?

Андан кийин ал топтон бирөөсүн кармоо зарыл, баары жанагы "кол башчыдан" шек санашат. Авторитеттин беделин түшүрүү деген ушул.

Мындай ыкмалар толтура, колдонгула! Ыкчам кызматкерлердин кылмыш топторун ар дайым көзөмөлдө кармагыдай күчтүү каражаттардын кубаттуу арсеналы бар. Кылмыш жасалышын күтүп отурбай, аларды пайдалануу зарыл.

Бирок бул үчүн саясий эрк керек.

Ал эми азыр үлкөн аткаминерлер криминалдык авторитеттер менен лыжа базасында же кайсы бир ресторанда жолукканына күбөбүз. Анан райондук бөлүмдүн ыкчам кызматкеринен эмнени күтөсүң? Билип туруп өзүн коркунучка түртүп, тобокелге салуунун ага кандай кажети бар?

Эгер милицияны моралдык жактан шыктандырып турса, ал ишти жакшы колго аларына кепилдик берем. "Каралар" – душман деген нукта тарбиялоо керек: "Аларга дайым катаал чара көрүш керек. Биз — карама-каршы тараптабыз. Эгер мыйзамды бузбасаң, баарын туура аткарсаң, дайым канатыбызга калкалайбыз.

Кылмышкерди эч ким сактап калбайт — жактоочу да, жогорку кызматтагы коргоочулары да. Ыкчам кызматкер буга ынанса, ишти өз деңгээлинде аткарат. Ал эми азырынча башкача көрүнүшкө күбө болуп турган чагы. Анан андан эмнени талап кыласың?

— Балким, милицияны катуу тилдеш керектир, кандай дейсиз? Жогорку Кеңештин депутаттары же ИИМ жетекчилиги бул нерсени колго алаар.

— Көз карандысыз комиссия түзүп, анын курамына бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн, ИИМдин коомдук кеңешин чакыруу зарыл. "Осьминогдун" өрттөлүшү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүү керек. Милициянын коопсуздук кызматы аталган иш боюнча иштегендердин баарын текшерүүнү тапшырышы керек.

Алардын ордун алмаштыруу зарыл. Иликтөө жүргүзүп, эгер кандайдыр кымындай шек жаралса: "Биз сени Токмок же Ошко ушул эле кызматка которобуз" деш керек.

Эгер каалабаганын билдирсе, бул аны андан ары эмне кылуу керектиги үчүн негиз болуп берет.

Мындай жол аркылуу милициянын криминалитет менен чырмалышуусуна жол берилбейт.

Акыркы жумалардагы окуялар боюнча өз пикирин билдирүүгө УКМК башчысынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков да макул болду.

Генерал-майор, эксперт по безопасности, экс-заместитель председателя ГКНБ Артур Медетбеков во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
УКМК башчысынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков

— Эгер буга чейин кылмыштар (каракчылык — ред.) мезгил-мезгили менен болуп турса, азыр системалуу мүнөзгө өттү. Мурда жашыруун жасалса, азыр ачык-айкын эле жасала баштады.

Уюшкан кылмыш топторуна каршы күрөш жарыяланганда катуу ыргак менен багыт алган. Бирок ошону менен токтоп калды. Акыркы эки-үч жылда криминал күчтөндү. Укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери, кээ бир аткаминерлер менен активдүү түрдө кызматташа баштады. Бүгүнкү күндө криминалдын да эски мууну четтеп, бир нерсеге ээлик кылууну көздөгөн жаштар алардын ордуна келип жатат.

Криминал азыр эки багытка: уюшкан кылмыш топтору жана чектен чыккан, капысынан жаралган, дайын-оту жокторго бөлүнөт. Алардын арбыны жазаланбай турганын сезишет.

— Эмнеге?

— Ички иштер бөлүмүнүн кадыр-баркын белгилүү криминалдык авторитеттердин кое берилиши түшүрүп койду. Азиз Батукаевдин эркиндикке чыгарылышы милициянын беделин бир топ төмөндөттү.

Сотто көп иш акча менен бүтөт. Судьялар өз үлүшүн алат да кылмышкерди же шарттуу кесип, же ишти баштапкы инстанцияга жиберет. Көп учурда "буйрутмаларды" аткарып, өз чөнтөгү үчүн иштейт. Албетте, абийирдүү судьялар да жок эмес.

Майлуу-сүттүү жерлерден зордоп акча өндүрүү, өрттөөлөр болуп жатат. Түрмөлөрдөн милиция кызматкерин өлтүргөндүгү үчүн эркинен ажыратылган криминалдык авторитеттер чыгарыла баштады. Түштүктө "Дженго" кое берилди.

Өсүп келаткан муун буларды көрөт, бирөөнү сабап койсо деле бул үчүн жазаланбайбыз деген ойдо болушат. Бийлик өзү алардын жолдошторун абактан бошотот, алар кычыраган унааларды минип жүрүшөт. Бул жаштардын көзүн кызартат, идеал тута башташат.

Криминалдын мамлекеттик кызматкерлер же "ак жакачандар" менен чырмалышы кадыресе көрүнүшкө айланып барат. Муну менен күрөшүү кыйын. Көпчүлүк жарандар ак жакалуу уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрүнөн коркушат. Алар өзүнүкүн таңуулайт, схема жаратышат, абалды бир системага келтиришип, негизги ролду аткарышат. Башкы балээ дал ушунда.

— Эгер бийлик тийиштүү чараларды көрбөсө, бул эмнеге алып келиши мүмкүн?

— Эң чокусуна чейин тутумдашкан криминал бийликке өз шарттарын таңуулайт. Бул абдан кооптуу көрүнүш. Бийлик кайсы бир деңгээлде криминалдан көз каранды болуп калат.

Эгер буга бөгөт болбосок, бандиттер менен күрөшүүгө эл арасынан топ-топ болуп чыга баштайт. Бул тирешүүлөрдүн ар кыл жаңы түрлөрүн жаратып, кылмыштын саны өсөт. Калктын криминалга каршы туруу аракеттери боюнча кызык мисалдар көп. Бул өлкө жетекчилеринин үрөйүн учуруп, көп жол башчылар тактысынан кеткен.

Ошондуктан муну ушул калыбында – криминалы өзүнчө, мамлекети өзүнчө, ал эми укук коргоо органдары колунан келгенин жасагандай калтырууга болбойт. Иштин абдан катуу, бар тарабы чагылдырылган жолу зарыл. Коррупция менен күрөшүүгө тийишпиз. Жемкорлук бийлик менен бандиттердин өз ара мамилесин түзүүгө өбөлгө болгон.

Коррупциянын арышы кеңейип барат. Мамлекеттик камсыздоо жана мамлекеттик тейлөө болгон жерде анын гүлдөөрү эч кимге жашыруун эмес.

2293
Белгилер:
кылмыш, милиция, криминал, Кыргызстан
Тема боюнча
"Дөө" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун мүчөсү эркиндикке чыкты
Ошто үй ээсине тапанча такап, аялын байлап 222 миң долларын карактап кетишти
Чагылган. Архив

Индия: кеминде 23 киши чагылган тийип көз жумуп, дагы 29у жаракат алды

30
Жабыр тарткандардын көбү талаада айыл чарба жумуштары менен жүргөн фермерлер жана кол алдындагы кызматкерлер экени айтылат. Алар көп түшүм алуу үчүн жаан-чачынга карабай ишке чыгып алып жатышат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кечээ Индиянын Уттар-Прадеш штатына катуу чагылган түшүп, кеминде 23 адам каза болуп, дагы 29у жаракат алды. Бул тууралуу NDTV каналы Өзгөчө кырдаалда жардам берүү башкармалыгына таянып жазды.

Штаттын башкы министри Йоги Адитьянатх аймактык сотторго мерт болгондордун үй-бүлөсүнө 400 миң рупий (5,36 миң доллар) өлчөмүндөгү компенсация төлөп берүүнү тапшырган. Ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө жабыр тарткандарга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүүнү камсыздоосун айткан.

Эскерте кетсек, жума күнү дагы Уттар-Прадештеги чагылгандын кесепетинен 15 адам көз жумган.

Казакстанда 69 жылкыга чагылган тийип, кырылып калган видео

Жабыр тарткандардын көбү талаада айыл чарба жумуштары менен жүргөн фермерлер жана алардын кол алдындагы кызматкерлери экени айтылат. Көп түшүм алуу үчүн жаан-чачынга карабай ишке чыгып жаткандар арбын.

Жаратылыш кырсыктары менен күрөшүү боюнча улуттук башкармалыктын маалыматы боюнча, май айынын ортосунан бери кеминде 253 адам чагылгандан каза таап, 49у жаракат алган. Алардын 90 пайызы Уттар-Прадеш жана Бихар штаттарында болгон.

Жыл сайын Индияда чагылгандан 2-3 миңдей адам көз жумары айтылат. Бирок быйылкы жайдагы жаан-чачын мурдагыдан көп болуп жатканы белгиленди.

30
Белгилер:
өлүм, адам, жаан-чачын, чагылган, Индия
Тема боюнча
Индияда эки күндө 100дөн ашык киши чагылган тийип каза болду
От жандырып жаткан адам. Архив

Аялын өрттөгөн киши, көзү ачыкка барган тергөөчү. Июндагы соттук чечимдер

313
(жаңыланган 16:32 04.07.2020)
Узап кеткен айда өлкөдөгү фемида өкүлдөрү ондогон иштерди карап чыгып, аларга карата түрдүү өкүмдөрдү кабыл алды. Алардын арасында пара менен кармалган тергөөчү, тапанчасын жоготкон милиционер жана аялын өлтүрө сабаган мыкаачы эргул да бар.

Sputnik Кыргызстан алардын ичинен айрым чуулуу иштерди тизмектеп чыкты.

Чоң муштум эргул

Борбор калаада жашаган үй-бүлө башчысы аялы менен уруша кетип, аны шаардын четине таалага алып чыгып катуу сабап, андан соң кожойкени үйдөн чыгарбай бир бөлмөгө үч күн камап койгон. Амалкөй келин короодогу ажатканага барам деп жолдошун алдап качып чыгып, укук коргоо кызматкерлерине арызданган. Эргул сотто күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

"Аялым менен жашаганыма төрт ай болгон. Ал күнү келинчегим экөөбүз үйдө арак ичип отуруп уруша кетип, ага кол көтөргөм. Себеби аялымдын уулу автоунаамды уруксатсыз айдап кетип, сүзүп салыптыр. Андан сырткары кызганычтын айынан араздашканбыз. Бирок анын эркине каршы кармаган эмесмин", — деген ал.

Ал эми жабырлануучу аны жолдошу катуу сабап, телефонун сындырып, бети-башындагы көгаласы кетиши үчүн үйдө бир нече күн камагандыгын айткан.

Чоң муштум эркек эки жылга эркинен ажыратылды.

Жалал-Абадда шаардык кеңештин депутатынын бир тууган агасын атып кетишти

Тапанчасын жоготкон тергөөчү

Ысык-Көл облусунда милицияда иштеген кызматкер тапанчасын иш бөлмөсүнөн жоготуп жиберип жумушунан айдалган. Тергөөчү кызматтык ыйгарым укуктарынан ажырагандыктан Бишкектеги көзү ачыктарга барууга аракет кылган. Кийин тапанча бирөөнүн короосунан көчөдө чүпүрөккө оролуп жаткан жеринен табылган. Сот укук коргоо кызматкерин кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү эскирип кеткендиктен жазадан бошотту.

Тамакты тез жаса деп аялына бензин чачкан. Сокулукта күйүк алган келин каза болду

Келинге бензин чачып өрттөп жиберген

Төбө чачты тик тургузган окуя Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы базарлардын биринде болгон. Мурда бир нече жолу соттолгон 36 жаштагы тургун мас болуп, келинчегинин жумушуна келип ызы-чуу салган. Андан соң май куюучу жайдан бир литр бензин сатып алып, аялын бирдик салып иштеген жайына камап, май чачып өрттөп, андан соң качып кеткен.

Укук коргоо кызматкерлери анын изин суутпай колго түшүрүп, Жазык кодексинин 39-130 беренесинин ("Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет көрүү") негизинде сотко чейинки өндүрүш ачылып, шектүү эки айга камакка алынган.

Ал эми 33 жаштагы жабырлануучу Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Келиндин колу-буту, бети күйүп, оор жаракат алганы айтылат.

Айыпталуучу өз көрсөтмөсүндө мындай кадамга аялынын ызаланткан сөздөрү себеп болгонун билдирген.

"Ал күнү чөнтөгүмдө 500 сом бар болчу, бир литрдей арак ичкем. Базарда жүрүп аялымдын иштеген жерине барып "мени менен жашайсыңбы" деп сурагам. "Жок" дегенинен кетип калгам. Жакын жерде эле жүрсөм колуктум менен келген курбусу мени тээп, бетке чаап-чаап жиберген. Аялым мага кол көтөргөн эмес, бирок жаман сөздөрдү айтып тилдеген. Ызаланып бензин сатып келип, келинчегимди сыртынан камап, өрт коюп качып кеткем", — деген шектүү.

Кийин караколдук келин укук коргоо органдарына бетине бензин чачып өрттөгөн күйөөсүн кечиргендигин билдирген. Бирок тартип сакчылар оор кылмыштарга тосмо арыз кабыл алынбай турганын жана кылмыш иши караларын айткан.

Фемида өкүлдөрү тараптарды угуп, чогулган материалды карап чыгып, эркек кишини жети жыл алты айга темир тор артында калтырды.

Айыпталуучуга айланган погончон

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматында иштеген тергөөчү 220 миң доллардын айланасындагы кылмыш ишин изилдеп жүрүп айыпталуучулардан ири суммадагы акча өндүргүсү келген. Иште шектүү катары суралып жаткан ишкерден телефон чалып 500, 1000 жана 2000 доллар талап кылган. Башында жабырлануучу опузалаган акчасын берип, соңунда УКМКга арыз менен кайрылып, тергөөчү 1500 доллар жана 15 000 сом алып жаткан жеринен колго түшкөн. Сот жеңил акча табууга аракет кылган погончонго 300 миң сом айып салды.

7,5 жылга кесилет! Зомбулук көрсөткөндөрдү тосмо арызга карабай камоо сунушталды

1000 сом үчүн кыйылган өмүр

Үйгө мас болуп келген эргул келинчеги менен урушуп, аны катуу сабап койгон. Чыр-чатактын келип чыгышына үй ээсинин дасторкон астына катылган 1000 сом акчасынын жоголуп кеткени себеп болгон.

Шектүү тергөө маалында күнөөсүн толук мойнуна алып, окуянын кандай болгонун айтып берген.

"Ал күнү аялым экөөбүздүн тең арактан башыбыз ооруп турган. Мен андан мурда берген акчаны жана короого коюп койгон жезди сурасам жок деп жооп берген. Ачуум келип аны бир жолу эле бетке чаап, анан жатып алгам. Бир аз убакыт өткөндөн кийин таанышым келип 500 сомго кык жүктөшүп койчу дегенинен ошол жакка кеткем. Кайра келсем аялым короодо жатыптыр, байкасам жүрөгүнүн согушу сезилбейт. Дароо дарыгерлерди чакырткам", — деген ал.

Ал эми баш мээси катуу жабыркаган аял оорукананын жандандыруу бөлүмүндө тогуз күн жатып кайтыш болгон. Фемида өкүлдөрү айыпталуучуну 7,5 жылга эркинен ажыратып, 90 миң сом айып салды.

Өспүрүмдү соттогондо энелик сезим селт эттирет. Судья Кадыркулованын маеги

Төрөгөн ымыркайын ажатканага...

Окуучу кыздын тааныш жигиттен боюна болуп калган. Бир нече ай өткөндөн кийин ата-энесине билгизбей үйдөн төрөп, ымыркайды жуурканга ороп ажатканага ыргытып жиберген. Төрөттөн кийин медициналык жардам албаган өспүрүм бир нече күн ооруп жатып, кийин жакындары аны аймактык ооруканага оор абалда алып барган. Ошондо дарыгерлер тарабынан жашы жете элек кыздын буга чейин көз жаргандыгын аныктаган. Укук коргоо кызматкерлери чарчап калган ымыркайдын сөөгүн беш күндөн кийин тапкан.

Сот өспүрүмдү эки жылга эркинен ажыратып, "1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата Мекендик согуштагы Жеништин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10-жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзамынын негизинде үйүндө калган.

Караколдук келин бетине бензин чачып өрттөдү делген күйөөсүн кечирди

313
Белгилер:
акча, арак, тапанча, уруш, күйөө, аял, өкүм, сот, кылмыш, Кыргызстан
Тема боюнча
Сузакта аялына дөңгөлөк илип жазалаган кишиге өкүм чыкты
Күйөөсү 30 жыл урган аял соттун сөзүн угуп нес болду. Кризистик борборлордун иши
Бишкеке Москвадан Кыргызстандын жарандары келди

Россиядагы кыргызстандык медиктер Бишкекке келди. Сүрөт

0
(жаңыланган 16:03 05.07.2020)
Мекенге ак халатчандардан тышкары кош бойлуулар, студенттер, оорулуулар жана башка зарыл себептери бар адамдар келди.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

  • Сегодня, 5 июля, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым в Кыргызстан возвращены 424 граждан Кыргызской Республики из России, включая 26 малолетних детей.
    Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Сегодня, 5 июля, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым в Кыргызстан возвращены 424 граждан Кыргызской Республики из России, включая 26 малолетних детей.
    Ага ылайык, "Аэрофлот — Россия аба жолдору" компаниясынын Москва — Бишкек каттамы менен 424 кыргызстандык келди
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди

Ага ылайык, "Аэрофлот — Россия аба жолдору" компаниясынын Москва — Бишкек каттамы менен 424 кыргызстандык келди. КРдин Москвадагы элчилиги буга чейин өлкөгө бара турчу медиктердин саны 26 экенин айткан.

"Мекенге кайтып келүүнү каалагандардын саны көп болду. Ошондуктан элчиликтин, кыргыз диаспораларынын жана Москвадагы кыргызстандыктардын клиникаларынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия кайтуусу зарыл адамдардын тизмесин даярдады. Ага студенттер, кош бойлуулар, оорулуулар жана оор жагжайга кептелгендер кирген. Ошондой эле азыркы кырдаалга кол сунууга келген кыргызстандык медиктер бар", — деп айтылат маалыматта.

Ошко Москвадан дагы 343 кыргызстандык учуп келди

Кайтып келгендер медициналык кароодон өтүү үчүн обсервацияга алынары кошумчаланды.

ТИМ сыртта калып калган мекендештерди кайтаруу иши уланып жатканын белгиледи.

0
Белгилер:
ыктыярчылар, медик, каттам, ТИМ, Москва, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстанга Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алып келинди. Сүрөт