"Гараж 312" түнкү клубунда кармалгандардын арасында 15 кыз бар. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПоиски беглецов заключенных из СИЗО №50
Поиски беглецов заключенных из СИЗО №50 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Клубдун администрациясы менен ди-джейлер да кармалган

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. "Гараж 312" түнкү клубуна баңгизатты алып келген деп ди-джей шектелип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдеги ишенимдүү булак билдирди.

ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы 21-январда атайын операция өткөрүп, 50дөн ашык киши кармалган.

"Кармалгандардын арасында 15 кыз, клубдун администрациясынын бардык курамы жана ди-джей бар. Баңгизатын алып келген деп ди-джей шектелип жатат. Андан сырткары, имараттын жетекчиси да кармалган", — деди булак.

Түнкү клубга келген башка конокторго түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коё берилген. Милиция ыкчам-иликтөө иштерин улантууда.

Аялды таш менен уруп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мыкаачылык чектен ашканда. Кримдүйнө менен күрөшүүгө эрк жетеби?
Учурда шектелгендердин саны 5-6 кишиге чейин азайды.

"Атайын операция учурунда эч ким каршылык көрсөткөн эмес. Клубдан нашаа, синтетикалык баңгизат жана башка заттар табылган. Алардын курамын экспертиза аныктайт", — деди булак.

Учурда клубдун кызматкерлеринин баңгизатын алып келүүгө катыштыгы бар-жогу такталууда.

Клубдун администрациясынан окуя боюнча түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0