Ноокаттагы өрттөнгөн кафе толугу менен күйүп кетти. Кырсыктын чоо-жайы

© Фото / пресс-служба МЧС КРПожар в кафе на автотрассе Ош — Ноокат
Пожар в кафе на автотрассе Ош — Ноокат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кафе контейнерден курулган

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы Ош көчөсүндө жайгашкан "Алым-Ата" кафеси толугу менен күйүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Өрт 23-январь күнү саат 17.50дө чыгып, алты өрт көчүрүүчү бөлүм тартылып, 19.30да чектөөгө алынган. Эки сааттан кийин өрт толугу менен өчүрүлгөн. 

"Кырсыктын кесепетинен темир контейнерден курулган кафенин 450 чарчы метр болгон чатыры, пластик шыбы жана дубалы толугу менен күйгөн. Өрт электр шаймандарын куроодо эреженин бузулушунан улам келип чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоодон жабыркагандар болгон эмес.

Өрттөн кантип сактануу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0