Казакстанда кыргызстандыктар бара жаткан автобус тоңуп калды

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан автобус. Архив
Жолдо бараткан автобус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автобус Екатеринбург — Алматы унаа жолунун 114-чакырымында бузулуп калган

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Казакстандын Акмоло облусундагы жолдо кыргызстандыктар бара жаткан автобус тоңуп калып, жүргүнчүлөр эвакуацияланганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Автобус Екатеринбург — Алматы унаа жолунун 114-чакырымында бузулуп калган.

Более 50 человек погибли в загоревшемся автобусе в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан Актөбөдөгү 52 киши күйүп кеткен кырсыктын себеби боюнча өз версиясын айтты
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин билдиргенине караганда, унаа Жалал-Абад — Пермь — Москва маршруту менен бара жаткан. Салондогу 22 кишинин бардыгы кыргызстандыктар экени айтылды.

Жергиликтүү башкаруу органдары жана курткаруучулардын жардамы менен жүргүнчүлөр Астраханка айылынын мектебине жеткирилип, ал жерде эс алчу бөлмө жана ысык тамак уюштурулган.

Эске салсак, 18-январь күнү Самара — Шымкент унаа жолунда, тагыраагы, Калыбай айылынан 10 чакырым алыстыкта "Икарус" үлгүсүндөгү автобус жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнүп кеткен. Анын ичинде бара жаткан 57 адамдын бешөө гана аман калып, калган 52 киши каза тапкан. Алардын баардыгы өзбек жарандары болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0