Баткенде 14 жылкыны жеп кеткен карышкырлардын тогузу атып өлтүрүлдү

© AFP / JEAN-CHRISTOPHE VERHAEGENЖивотный парк Сент-Круа на востоке Франции
Животный парк Сент-Круа на востоке Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Булак айылында карышкырлар малчыларды түйшүккө салууда

БАТКЕН, 26-янв. — Sputnik. Баткендин Кара-Булак айылында кыш келгенден бери карышкырлар 14 жылкыны жеп кетишти. Бул тууралуу Кара-Булак айылынын башчысы Замир Абдырахманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы 70 жылкы бөрүлөргө жем болгон. Бирок жашоочулар тийиштүү мекемелерге кайрылбагандыктан жырткычтарга эч кандай чара көрүлгөн эмес.

"Жыл башында жашоочулардан арыз түшүп, анын негизинде атууга уруксат берилди. Учурда жергиликтүү мергенчилер менен Жаратылышты коргоо департаменти биргеликте аңчылыкка чыгууда. Карышкырлар өтө көбөйдү. Кыш башталгандан бери 14 жылкыны алдырдык. Майда малдарды да жеп жатат. Бирок эл ачыкка чыгарган жок. Былтыркы жылы да 70 жылкыны карышкырларга жем кылганбыз", — деди Абдырахманов.

Карышкыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Исфанада тирүү карышкырды мал базарга алып чыккан киши издөөгө алынды
Ал белгилегендей, мындай абал Суу-Башы жана Кыштут айылдарында да болгондуктан мергенчилер менен атайын топтор түзүлгөн.

Ал эми Баткен облустук жаратылышты коргоо департаментинин башчысы Бактыяр Козубаевдин айтымында, учурда жалпы тогуз карышкыр атылып жок кылынды. Эгерде жергиликтүү мергенчилер карышкыр атса Токой чарба башкармалыгы тарабынан 5000, бөлтүрүккө 1500, ал эми чөөгө 2000 сом акчалай сыйлык берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0