Ноокатта бир бүлө көмүр исине ууланып, үй ээси каза тапты

Жазылуу
Аталган фактынын негизинде териштирүү иштери башталды

ОШ, 26-янв. — Sputnik. Ноокат районунун Гүлистан айыл өкмөтүнүн Бостон айылында көмүрдүн исине ууланып 36 жаштагы үй ээси ооруканада каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жанна Сатарбаева тастыктады.

Анын айтымында, беш кишиден турган бүлө 25-январга караган түнү өз үйлөрүндө көмүр исине ууланган.

"36 жаштагы киши менен кошо жубайы, үч жана жети жаштагы балдары, сегиз айлык ымыркай ууланып Ноокат аймактык ооруканасына түшкөн. Кийин үй ээси көз жумду. Учурда төрт бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деди Сатарбаева.

Ал ошондой эле аталган фактынын негизинде учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0