ИИМ: акчасын алып эки кишини Түштүк Кореяга мыйзамсыз жөнөтүп ийген жаран кармалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын иш-чаранын жүрүшүндө шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалган

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Башкалардын ишенимине кирип, виза алып берем деп 2450 доллар алган жаран эки кишини Түштүк Кореяга мыйзамсыз жөнөтүп жиберген. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, милицияга 44 жаштагы жаран кайрылып, анын баласы менен досун Улан аттуу киши алдап кеткенин айткан.

"Атайын ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жыйынтыгында милиция Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы тургунун кармаган. Учурда анын жарандарды чет жакка мыйзамсыз жөнөтүп жиберген башка иштерге тийиштигинин бар-жогу текшерилүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

ИИМ бул жарандан жабыркагандар болсо 0312 266348, 0553 53 58 52, 0709 39-36-84 телефондору аркылуу кайрылууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0