Москвада кыргызстандык эже-сиңдини унаа коюп кетти. Кырсыктын видеосу жана чоо-жайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүСнегопад в Москве
Снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздар Баткен районунун Булак-Таш айылында туулган. Жакында эле турмушка чыккан кыздардын улуусу Москвада үйлөрдү тазалап иштечү.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Москвада кыргызстандык эки кызды унаа коюп кетип оор жаракат алышканын алардын тууганы Зымырат Абдылдаева билдирди.

Анын айтымында, окуя 23-январда түнкү саат 23.30дар чамасында болгон. Жаракат алган кыздар 18 жана 23 жаштагы эже-сиңдилер.

"Алгач оорукана үч күн акысыз карагандан кийин акча төлөп же жашаган жериндеги ооруканага алып барыш керек экен. Кичүүсүн кечээ үйгө чыгарып кеттик. Анын кабыргасы сынып, башынан да жаракат алган. Мындан улам көзүнө доо кетиптир. Аны дагы дарегерге көрсөтүш керек. Ал эми эжесинин башы жабыркап, буту сынган. Ага биринчи операция жасалды. Дары-дармегине көп каражат кетти, муктаждык жаралууда", — деди Абдылдаева.

Кыздар Баткен районунун Булак-Таш айылында туулган. Улуусу жакында эле турмушка чыгып, үлпөт тою да өтө электиги маалым болду. Москвада үйлөрдү тазалап иштеп жаткан. Анын сиңдиси 18ге толо элек болгондуктан жумушка кире албай жүргөн.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жабыркаган кыздардын туугандары менен байланышып, окуянын өз көзөмөлүнө алганын маалымадады.

Белгилүү ортопед Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Москвада 5-кабаттан кулаган аял Бишкекте. Ага Сабырбек Жумабеков операция жасайт
"Кыздар Кашира районунун борбордук ооруканасына жаткырылган. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырган эмес. Жабырлануучу тараптын элчиликке жазган арыздарын Чертановский райондук тергөө комитетине жибердик. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша жабырлануучуларга жардам берүү жагы чечилет. Элчилик окуянын жүрүшүн көзөмөлдөп турат", — деп билдирди маалымат кызмат.

Мындан улам кыргызстандык кыздарга каржылык колдоо көрсөтүү үчүн атайын эсеп ачылып, жакындары коомчулуктан жардам сурашууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0