Арча-Бешикте турак үй өрттөнүп, беш балалуу үй-бүлө көчөдө калды. Видео

© Фото / Акылбек НасыровПожар в новостройке Арча-Бешик
Пожар в новостройке Арча-Бешик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ызгаар суукта көчөдө калган үй-бүлө учурда туугандарыныкында баш калкалап жатат

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Арча-Бешик жаңы конушунда турак үй өрттөнүп, беш балалуу үй-бүлө көчөдө калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өрттөнүп кеткен үй ээси Акылбек Насыров билдирди.

Анын айтымында, кырсык кечээ таңкы саат 06:00 чамасында болгон. 

"Эртең менен намазга турсам конок бөлмөдө диван өрттөнүп жатыптыр. Үйдөгүлөрдү ойготуп өзүбүз өчүрүүгө аракет кылдык. Бирок өрт бат жайылып балдарды эле алып чыкканга үлгүрдүк. Башкасынын баары күйүп, эч нерсеси жок калдык. Эмнеден улам чыкканын өзүбүз да түшүнбөй калдык", — деди Насыров.

Ызгаар суукта көчөдө калган үй-бүлө учурда туугандарыныкында баш калкалап жатат.

Ал эми ӨКМ Арча-Бешик конушунун Жаңы-Турмуш көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу турак үй толугу менен өрттөнүп кеткенин ырастап, учурда себеби такталып жатканын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0