"Асанбайда" чыккан өрттүн исине ууланып аял каза болду

© Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүВо время тушения пожара
Во время тушения пожара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт алтынчы жана тогузунчу кабаттагы үйлөрдүн ортосундагы батирлердин биринде чыккан

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкектеги "Асанбай" кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден өрт чыгып аял каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өрт тууралуу кабар саат 18.18де түшүп, бир мүнөттөн кийин эле бир өрт өчүрүүчү унаа чыгып кеткен.

"№29 үйдөгү батирден өрт чыккан. 1944-жылкы аял иске ууланып каза тапты. Өрт бир бөлмөдөн чыкканы маалым болду. Саат 19.37де өрт толугу менен өчүрүлгөн", — деп маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0