Травматология бөлүмү. Архивдик сүрөт

Бишкек травматология жана ортопедия борбору эки операциялык залга ээ болду

103
(жаңыланган 09:19 31.01.2018)
Бир бөлүм омуртка хирургиясы боюнча, экинчиси чоң муундарды алмаштыруу менен иш алып барат.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бүгүн Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда жаңы курулган эки операциялык зал ачылды. Бул маалыматты аталган мекеменин жетекчиси Сабырбек Жумабеков тастыктады.

Биринчи зал омуртка хирургия боюнча иш алып барып, бир жылда 1200дөн ашык омурткага операция жасалат.

Экинчи залда чоң муундарды алмаштыруу (жамбаш, тизе, ийин, чыканак жана башкалар) боюнча иш жүргүзүлүп, жылына 1500дөн ашык операция жасалат.

"Бейтаптарды кабыл алуу бөлүмү менен эки операциялык залды салууга колдоо көрсөткөн калаа мэри Албек Ибраимовго, вице-мэр Айгуль Рыскуловага жана заманбап техника менен камсыздап берген министр Талантбек Батыралиевге ыраазычылык билдиребиз. Биринчи операцияны өзүм жасадым," — деди Жумабеков.

Ортопед Сабырбек Жумабеков тууралуу 10 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

103
Белгилер:
Бишкек, Сабырбек Жумабеков, ортопедия
Тема боюнча
Травматология жана ортопедия борборунда заманбап кабылдама ачылды
Кыргызстанда протездик-ортопедиялык буюмдар жасала баштады
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

52
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

52
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео

Жаалданган куруучу өнбөгөн карызы үчүн өзү курган тамды талкалап салды. Видео

286
Германияда көп кабаттуу үйдү салган адам акчасын төлөбөй койгондугу үчүн тамдын айнектерин жана балкондорун экскаватордун сузгучу менен талкалап салды. Муну ал өч алуу деп атаган.

Немец басылмалары окуя Блумберг шаарында болгонун жазышты. Имараттын жана анын жанындагы гараждардын чыгымы жарым миллион еврого бааланууда.

47 жаштагы "өч алгыч" субподрядчы болгон. Анын айтымына караганда, анын компаниясына 5 миллион евролук жумуштун акысын төлөп бербей коюшкан. Үй куруу үчүн башка техникаларды ижарага алып иштеткендиктен аларга да карыз болуп кеткен.

Экскаватор менен "өч алуу процессин" бүтүргөндөн кийин автоунаасына отуруп алып, полиция тилкесине барып, окуяны төкпөй-чачпай айтып берген. Тартип сактоочулар кийинчерээк ал адамдын бөтөн мүлктү талкалаганы үчүн жооп бере тургандыгын билдиришкен. Анткен менен ФГРдин мыйзамдары боюнча, ал адамдын иштери кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол бербейт.

286
Белгилер:
Германия, курулуш, өч алуу, полиция
Тема боюнча
Иштен бошотулган киши Mercedes заводунда 50 автоунааны талкалап салды. Видео