Кара-Сууда мал кайтарып жүргөн киши кокусунан өзүн атып алып каза болду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМалчы. Архив
Малчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 29-январь күнү саат 14:00дөр чамасында катталган

ОШ, 30-янв. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагынын Беш-Карам аймагында мал кайтарып жүргөн жергиликтүү тургун кокустан өзүн атып алып каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, көз жумган киши 56 жашта болчу.

"Окуя 29-январь күнү саат 14:00дөр чамасында катталган. Маркум малды кубалап жаткан жолбун иттерди атуу үчүн мылтык ала чыгккан. Кокусунан жыгылып кеткенде мылтыгы атылып, ок өзүнө тийген. Маркумду Кара-Суу райондук ооруканасына алып барышкан. Бирок алган жараатынын оордугунан улам ал ооруканада каза болгон", — деди Аширбаев.

Ал ошондой эле бул факты Кара-Суу РИИБи тарабынан "кокустук" катары каттоого алынып, милиция бул иш боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0