Афганистанда болгон зилзала Кыргызстанда да сезилди

© AFP / NICOLAS ASFOURIСлучаи землетрясения в Кыргызстане
Случаи землетрясения в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош жана Бишкектин жашоочулары үч баллдык жер титирөөнү сезди деп билдиришти КРдин Сейсмология Институтунан.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстандын жашоочулары жер титирөө болгондугун Facebook социалдык тармагында жазышты.

Санжар Калматай аттуу жаран саат 13.09да болгондугун жазды.

Бул туурасында Авланбек Жумабаев да билдирди.

Европанын жер ортолук деңизинин сейсмология институту

МЧС в день будет оборудовать 15 контейнеров под мобильные дома - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайдагы жер титирөө: там-ташы бүтпөй калгандарга мобилдик үй берилип бүттү
(EMSC) жер саат 13.06да Афганистанда силкингенин, ал Кабул шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 272 чакырым аймакта болгондугун жазды. Магнитудасы 6,1ге жетип, ал эми очогу 189 чакырым тереңдикте болгондугу кабарланган. Жердин титиреши Өзбекстанда, Пакистанда жана Индияда сезилген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Афганистанда күчү 7-8 баллга, ал эми Ош менен Бишкекте 2,3-3 баллга жакындаган жер титирөө болгондугун билдиришти. 

Кыргызстандагы Сейсмология Институтунун директору Канатбек Абдрахматов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Афганистанда чындыгында эле жер титирөө болгондугун тастыктады.

"Ал жер бизден өтө алыс. Ош менен Баткенде үч баллга чейин болуп, аны жашоочулар сезген", — деди Абдрахматов.

Чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары да жер титирөө туурасында жазышты. Курман болгондор жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалыматтар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0