Авария болгон күнү иштеген ТЭЦ жумушчулары кызматтан айдалабы? Жетекчиликтин жообу

Жазылуу
Башкы прокуратура Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 316-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш ишин козгогон

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинин жетекчилиги авария болгон күнү иштеген жумушчуларды кызматтан кетирип, бир айлык эмгек акысынан ажыратканы жатат деген пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине атын атагысы келбеген жумушчу билдирди.

"Авариянын кесепеттери жоюлуп бүткөндөн кийин ошол күнү иштегендер жумуштан кетесиңер деп жатышат. Бир кесиптешибиз ТЭЦтин ичиндеги абалды телефонуна сүрөткө тарткан болчу. Ал сүрөт интернетке тарап кетиптир. Аны жана сүрөткө түшүп калган адамдарды биринчи кезекте кетесиңер деп айтышыптыр. Бирок биз ал күндөрү үй көрбөй, күнү-түнү муздак темирдин арасында иштедик. Чын эле баарыбызды жумуштан кетирип ийсе эмне болот, билбейм", — деди ал.

Катардагы жумушчуларга чын эле ушунчалык катуу жаза колдонулабы деген суроого жооп алуу үчүн ТЭЦтин директору Нурлан Өмүркул уулуна кайрылдык.

Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Исаков: ТЭЦтеги авариянын жоопкерчилигин өз мойнума алам
"Кызматкерлерге ким мындай маалымат бергенин билбейм. Мындай болушу мүмкүн эмес. Буга Эмгек кодекси дагы жол бербейт. Азыр атайын түзүлгөн комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгы менен аварияга күнөөсү бар кызматкерлер мыйзам чегинде жазасын алат. Ал эми баарын чогуу кууп иет деп ортодогу чагымчылар чыгарып жатат деп ойлойм", — деди Өмүркул уулу.

Белгилей кетсек, ТЭЦтеги чуудан кийин өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасы Айбек Калиев жазган. Бирок премьер-министр Сапар Исаков аны кабыл албаганын айтты. 

Ал эми КРдин Башкы прокуратурасы Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 316-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш ишин козгогон

Жаңылыктар түрмөгү
0