Алайда төрт күн мурда жоголгон мергенчини издеп жатышат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖизнь села Литковка Омской области
Жизнь села Литковка Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоголгон адам акыркы жолу үй-бүлөсү менен 28-январь күнү саат 16.00дө телефон аркылуу байланышкан

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Алай районунун Будалык айыл аймагынын тургуну төрт күн мурда аң улоого кетип, ошол боюнча табылбай жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан бирдиришти.

Ал 28-январь күнү саат 08.00дө үйүнөн чыгып, Сары-Күнгөй тоосун көздөй бет алган.

"Аны издөө иштери 30-январь күнү башталган. ӨКМдин алты куткаруучусу, туугандары жана милиция кызматкерлери ошондон бери мергенчини издеп жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, жоголгон адам акыркы жолу үй-бүлөсү менен 28-январь күнү саат 16.00дө телефон аркылуу байланышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0