Алайда мыйзамсыз аңчылык кылган беш киши кармалып, бирөөнө кылмыш иши козголду

© AFP / JEAN-SEBASTIEN EVRARDОхота в Ла-Шапель-Глайн, западная Франция
Охота в Ла-Шапель-Глайн, западная Франция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Браконьерлер үстүбүздөгү жылдын 22-январында кармалган

ОШ, 1-фев. — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аткан беш браконьердин бирине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 22-январында катталган.

"Алай РИИБдин милиция кызматкерлери мергенчиликке чыгып, жапайы жаныбарларды атып келе жаткан 5 адамды байкап колго түшүрүшкөн. Аларды текшерүүгө алган учурда мергенчилик кылууга тиешелүү уруксат кагаздары жок болуп чыккан. Бул факты боюнча кармалган браконьерлердин бирине карата Кылмыш жаза кодексинин 278-беренеси (Мыйзамсыз түрдө мергенчилик кылуу) боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми калган төрт браконьер административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0