Эки жума мурда эркиндикке чыккан Чыңгыз "Дөө" кайра камалды

Жазылуу
Жогорку сот Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарды

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. ИИМде кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган "Дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорф билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Сот Жумагуловду эркиндикке чыгарган Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Мындан улам айыпталуучу №3 колонияга киргизилди.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: "Осьминог" ресторанынын ээси мамлекеттик кайтарууга алынды
Эскерте кетсек, Чыңгыз Жумагулов үстүбүздөгү жылдын 17-январында Ленин райондук соту тарабынан эркиндикке чыгарылган. Ал буга чейин Биринчи Май райондук соту тарабынан 18 жылга эркинен ажырап, 2020-жылы эркиндикке чыгышы керек эле.

Жумагулов 2016-жылдын апрелинде Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишиндеги атышууга катыштыгы бар деген шек менен июнь айында кармалган. Анда кылмышкерлер Subaru үлгүсүндөгү автоунаадан ок чыгарып, окуя болгон жерден из жашырышкан. Жабыркаган жаран ооруканага жеткирилген.

Чыңгыз Жумагулов КР Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренелери — "Кылмыштуу топ уюштурган", "Бейбашчылык", "Курал-жаракты сатып алуу жана алып жүрүү" боюнча айыпталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0