Араванда 4 жаштагы бала кудукка түшүп кетип чарчап калды

Жазылуу
Наристе үйдүн короосунда ойноп жаткан

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Араван районунун Төбө-Коргон айыл аймагына караган Уйгур-Абад айылында төрт жаштагы бала кудукка түшүп кетип чарчап калды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 4-февраль күнү саат 15.00дөр чамасында болгон. Баланын үйдүн короосунда ойноп жатканы айтылды.

Жерине барган куткаруучулар баланын сөөгүн кудуктан алып чыгып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0