Бүгүн таңда Алай районунда жер силкинди

© Sputnik / Зульфия ТургуноваРегионы Кыргызстана. Чон-Алайский район
Регионы Кыргызстана. Чон-Алайский район - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча бүгүн таңда Алай районунда жер силкинди. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 5-февралда таңкы саат 05.03дө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Случаи землетрясения - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Кыргызстанда күн мурун үч жолу жер титиреди
Жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоосунда, Сары-Могол айылынан 22 чакырым түштүк-чыгышка, Бар-Дөбө айылынан 30 чакырым түштүк-батышка, Талды-Суу айылынан 24 чакырым түштүккө, Ачык-Суу айылынан 38 чакырым чыгышка, Нура айылынан 83 чакырым түштүк-батышка, Ош шаарынан 112 чакырым түштүк-чыгышка карай жайгашкан.

Бар-Дөбө, Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 2,5 балл сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жер эмне себептен титирей турганы Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасында көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0