ИИМ: Токмоктогу үч кишиден жасалма 234 миң сом жана 300 доллар табылды

© AFP / ERNESTO BENAVIDESПодделка долларов в Лиме
Подделка долларов в Лиме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тергөө амалдары уланып, бул ишке тийиштиги бар башка кишилерди аныктоо аракеттери көрүлүүдө

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Токмок шаарындагы жатаканада жашаган шектүү жаранды тинтүү учурунда шкафтан жасалмса 500 сом номиналындагы 143 купюра, 200 сом номиналындагы үч купюра жана 100 доллар табылган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Милиция билим берүү мекемесинде иштеген 22 жаштагы шектүү жарандын изине түшүп кармаган. Алынган далил буюдарга сот-техникалык экспертиза дайындалды. Алдын ала маалымат боюнча жасалма акча түстүү принтерден чыгарылган.

Акча алмаштыруу жайында акча санап жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акча алмаштыруучу жайларда элди кантип алдашат. Тасмага түшкөн ыкмалар
Андан сырткары, текшерүү учурунда ушул эле жатаканада жашаган 26 жаштагы жаран да кармалып, анын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн шек жараткан үч 500 сомдук табылган. Шектүү жарандар жасалма акчаларды таратууга жетишпей калган.

Милиция кызматкерлери Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирин дагы тинтүүгө алып, шек жараткан 158 даана 1000 сомдук, 20 даана 200 сомдук, 500 евро жана эки даана жүз доллар алынган. Андан сырткары компьютер менен түстүү принтерлер дагы табылган.

Учурда тергөө амалдары уланып, бул ишке тийиштиги бар башка кишилерди аныктоо аракеттери көрүлүүдө.

Акча алмаштыруу жайлары жарандарды кантип алдап кетерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0