Кой-Таш айылында бир кыздын өмүрүнө забын болуп из жашырган айдоочу кармалды

© AFP / CHANDAN KHANNAНарушение ПДД в Нью-Дели
Нарушение ПДД в Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү жаран кырсыкка кабылган машинасын короосуна катып койгон

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында 3-февралда саат 19:30дар чамасында 22 жаштагы кызды коюп, изин жашырып кетти делген айдоочу колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жаракат алган кыз ооруканага алып бара жатканда жолдон үзүлгөн.

Кырсык тууралуу милициянын нөөмөт бөлүмүнө саат 19:45те билдирүү келип түшкөн.

"Кырсык болгон жерден Honda HRV үлгүсүндөгү автоунаасына таандык делген алдыңкы фара жана каптал эшиктин айнектери табылган", — деп айтылат маалыматта.

Обильный снег в Говеаверсвельде, на севере Франции - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Алматы трассасында 10 унаа кагышты. Кырсыктан кийинки видео
Аталган факты боюнча "Перехват" планы жарыяланган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында 4-февралда милиция Арашан айылынын 40 жаштагы тургунун кармады. Ал короосуна Honda HRV үлгүсүндөгү автоунаасын катып койгон.

Учурда машина айып короого токтотулуп, экспертиза дайындалды. Жол кырсыгы боюнча тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0