Ошто апасы депкир менен сабаган 3 жаштагы бала комага түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Республиканского ожогового центра
Деятельность Республиканского ожогового центра - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

ОШ, 5-фев. — Sputnik. Өз энеси депкир менен сабаган 3 жаштагы бала облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, 24 жаштагы эне өз баласын комага түшүп калгыча сабаган.

"Учурда баланын абалы ѳтѳ оор. Ички органдары жабыркап, денеси кѳгала. Баш мээсине кан куюлуп кеткен. Ооруканага энеси өзү алып келген. Ур-токмокко алганын жашыруу үчүн "тепкичтен жыгылып кетти" деп маалымат берген", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле шектүү карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады. Камакка алынган эне ажырашып кеткендиктен баласын жалгыз тарбиялап келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0