Бишкектеги курсанттардын мушташынын чоо-жайын милиция айтып берди

Жазылуу
Массалык мушташка 50дөй бала катышкан

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкектеги "Жал" кичи районунда жайгашкан Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинин тарбиялануучулары 4-февралда саат 16:00дөр чамасында тобу менен мушташканын ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жаш жигиттердин ортосундагы чыр-чатак интернет клубунан башталган.

"Курсанттар тобу менен "Жал" кичи районундагы компьютер клубуна барышкан. Ал жактан кичи райондо жашаган балдар менен кер-мур айтыша кетип, ал мушташка чейин жеткен. Окуя болгон жерге ШИИБдин ыкчам батальону барып, аларды ажыратып калган", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынын ырасташынча, мушташка катышкандарга өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ош облусунун Кара-Суу районунда мектеп окуучуларынын мушташы боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0