УКМК 18 млн. сомдон ашык пара берип жаткан жеринен чет элдиктерди кармады

Жазылуу
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн биринин төрт жаранын бажы жана салык төлөмдөрүн жашыруу максатында 100 миң евро жана 138 миң 600 (8 493 000 сом) доллар пара берип жаткан жеринен УКМКнын кызматкерлери колго түшүрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, УКМК тарабынан ЕАЭБ аймагына товарларды мыйзамсыз алып кирүүнү жана контрабандалык ишмердүүлүккө бөгөт коюу максатында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

"Чет элдик жарандар "жалган транзит" аркылуу тамеки продукцияларын жана башка товарларды алып өтүү үчүн документ жасоону көздөшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 210 (бажы жыйымдарын төлөөдөн баш тартуу), 30 жана 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шыкакчы болуу), 314-беренелери боюнча (пара берүү) кылмыш ишин козгоду.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0