Ууга чыгып жок болуп кеткен аңчынын сөөгү сегиз күндөн кийин табылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАтчан адам. Архив
Атчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ӨКМ тоодон маркумдун сөөгүн алып келүү иштери менен алек болууда

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Сегиз күн мурда Ош облусунун Алай районунун Будалык айыл аймагында ууга чыгып кетип изделип жаткан тургундун сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аңчы 28-январда саат 8:00дөр чамасында Сары-Күңгөй тоосун көздөй аң улоого кетип, кечки саат 16:00дө үй-бүлөсү менен байланышкандан кийин дайынсыз болуп кеткен.

Снежные и лавинные ограждения в горах Австрии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы жеринде кар көчкү түшүү коркунучу бар? Карта
Анын жоголуп кеткени туурасында маалымат түшкөндөн бери ӨКМдин кызматкерлери издеп жаткан.

Издөө иштери кечээ да иңир киргенге чейин уланып, ӨКМден сегиз куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 120 адам жана РИИБден 9 кызматкер тартылган.

Бүгүн, 5-февралда дагы кошумча күчтөр тартылып, түшкө жуук Матишевдин сөөгү табылган. ӨКМ учурда тоодон маркумдун сөөгүн алып келүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын кабарлады.

Буга чейин Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагында аңчылыкка чыгып, кар көчкүдө калган 39 жаштагы жарандын сөөгү табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0