Санкт-Петербургда апасы өлтүрдү делген кыргызстандык баланын өлүү-тирүүсү белгисиз

© AFP / JOHAN ORDONEZАрест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале
Арест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач 26-январда уулунун дайынсыз болуп жатканын айтып баланын атасы элчиликке арыз менен кайрылган

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Россиянын Санкт-Петербург шаарында өзүнүн 11 жаштагы уулун өлтүрүүгө шектелип апасы кармалды. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда 42 жаштагы киши 11 жаштагы уулу жоголгондугун айтып элчиликке арыз менен кайрылган.

"Бул фактыга шектелип баланын 39 жаштагы апасы кармалды. Учурда тергөөнүн ар кандай версиялары каралууда. Окуяны элчилик өз көзөмөлүнө алды", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Санкт-Петербургдун "Фонтанка.ру" сайты Тергөө комитетинин сунушун Москва райондук соту жактырып 5-февралда баланын апасына кошуп анын 20 жаштагы күйөө баласын кармоо чечимин чыгарган. Анткен менен азыркы тапта баланын өлүү же тирүү экени белгисиз.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элчилик Санкт-Петербургда бычакташты деген КР жарандары боюнча билдирүү таратты
"Кылмыш ишинин материалдарында баланы ким, эмне үчүн уурдап кеткени туурасында туугандарынын билдирүүсү бар. Бирок апасы баланын каякта экенин айтпай жатат. Полиция кызматкерлери аны кайсы жакка жашырганын айтса, кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну сунуштаса дагы ооз ачкан эмес", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми ИИМдин Россиядагы өкүлү Раим Салимов бул окуя боюнча РФтин укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барып жатканын билдирди.

Кечээ, 5-февралда дагы Ош шаарында 24 жаштагы эне өз баласын комага түшүп калгыча депкир менен сабаганы туурасына маалымат тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0