Бишкекте милиционерге ок чыгарган шектүүнүн сүрөтү жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрисвоение звания младшего лейтенанта 20 сотрудникам службы Мобильного батальона 102 в ГУВД Бишкека
Присвоение звания младшего лейтенанта 20 сотрудникам службы Мобильного батальона 102 в ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүгө карата Кылмыш жаза кодексинин 28-340-беренеси (укук коргоо органдарынын кызматкерин өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган шектүү изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБден билдиришти.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 28-340-беренеси (укук коргоо органдарынын кызматкерин өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаСвердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган шектүү
Подозреваемый в совершении вооруженного нападения на сотрудников УВД Свердловского района - Sputnik Кыргызстан
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган шектүү

"Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун 31 жаштагы тургуну Шатманов Тилек Сулайманович изделип жатат. Ал 2018-жылдын 2-февралында Свердлов райондук ИИБдин кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган", — деп айтылат маалыматта.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаСвердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган шектүү
Подозреваемый в совершении вооруженного нападения на сотрудников УВД Свердловского района - Sputnik Кыргызстан
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган шектүү
Бул адам кайда жүргөнү тууралуу маалыматы бар жарандар 0(312)43-71-75, 0552 91-80-52, 0551 10-24-25 номурлары аркылуу ички иштер органдарына кабарлай алышат. Ошондой эле "102" номуру аркылуу дагы чалуулар кабыл алынат. Маалыматтын купуялуулугуна кепилдик берилет.

Милиция кызматкерине 5-январда дагы кол салуу болгон. Кичи райондордун биринде психдиспансерде каттоодо турган киши чакырууга барган милициянын майорунун курсагына бычак сайган.

Жаңылыктар түрмөгү
0