Граната көтөргөн студент, бомба жасап саткан прапорщик. 90-жылдардагы кылмыштар

© AFP / MAHMUD HAMS Граната кармаган ада. Архив
Граната кармаган ада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурун февраль айында болгон кылмыш иштерди сунуштайт

Күйөөсүн бычактап, аялын зордуктап…

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" газетасынын 10-февралдагы саны
Статья в газете Вечерний Бишкек 1993-года - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" газетасынын 10-февралдагы саны

Спирт ичимдигин ичип мас болгон 19 жаштагы жигит жанында жүргөн тааныш кишини бычактап салган. Андан соң жабырлануучунун үйүнө барып колуктусун зордуктап, кылмыш болгон жерде уктап калган. Шок абалындагы келин шектүүнү жаткан жеринен бир нече жолу бычак менен сайып салган.

Курал көтөргөн жаштар

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" газетасынын 17-февралдагы саны
Статья в газете Вечерний Бишкек 1993-года - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" газетасынын 17-февралдагы саны

Борбор калаанын милиция кызматкерлери ыкчам тергөө иштерин жүргүзүп жатып студенттен аскердик граната табышкан. Шаардагы автобекеттердин биринде кармалган жигит ал куралды баштыгына салып жүргөн. Андан сырткары, мындай окуя Талас облусунда дагы катталып, Оштогу курал-жарак кампасынан уурдалган эки магазин ок-дары аскер кызматкеринен алынган.

Шаардыктарды куруткан келин

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Дело №" гезитинин 1993-жылы 3-февралда чыккан саны
Статья в газете Дело № 1993-года - Sputnik Кыргызстан
"Дело №" гезитинин 1993-жылы 3-февралда чыккан саны

Киностудияда иштеп тасмага тартылууга балдарды издеп жүрөм деген келин калаадагы тургундардын айласын кетирген. Колуна кагаз алып, жарашыктуу кийинген аял кичинекей балдарды алдап үйлөргө кирип, баалуу буюм-тайымдарды алып из жашырып кете берген. Кыска убакыт аралыгында шектүү 20дай үйгө кирип-чыгууга жетишкен. Колго түшкөндө аялдан көп сандагы зер буюм, кийим-кече, чет элдик валюта жана тиричилик техникалары табылган.

Героинден да күчтүү норфин сатып…

© Russia Today Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" газетасынын 15-февралдагы саны
Статья в газете Вечерний Бишкек 1993-года - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" газетасынын 15-февралдагы саны

Базарда иштеген ишкер күчтүү баңгизат делген норфинди Индиядан алдырган. Андан соң ал 640 миң рублга алган 840 ампуланы башкаларга сатууга аракет жасап, ошол маалда милиционерлердин кылтагына илинген. Ага чейин дагы эки жаран Ысык-Көлдөн 124 килограмм салмактагы баңги затты борбор калаага жеңил унаа менен алып келе жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Уурдалган эстеликтер…

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" газетасынын 8-февралда чыккан саны
Статья в газете Вечерний Бишкек 1993-года - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" газетасынын 8-февралда чыккан саны

Бишкектин чок ортосундагы күмүш эстеликтерди 11 адамдан турган кылмыштуу топ уурдаган. Арасында жаш-карысы бар кылмышкерлер милиция кызматкери тарабынын кармалганга чейин 5 миллион 400 миң рублга бааланган композицияларды кесип кеткен. Алар жалпы 17 эмгектин жок болуусуна шектелишкен. Баалуу металлдардан жасалган скульптуралардын айрымдары Кытайга жиберилип турганы аныкталган.

Бомба саткан прапорщик

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Дело №" гезитинин 1993-жылдын феврал айындагы чыккан санынын бири
Статья в газете Дело № 1993-года - Sputnik Кыргызстан
"Дело №" гезитинин 1993-жылдын феврал айындагы чыккан санынын бири

Бишкекте унаа жарылып, бир жүргүнчү көз жуумп, айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилгенден кийин укук коргоо органдары тергөө иштерин баштап, аскер бөлүгүндөгү курал-жарак кампасынын мурдагы жетекчиси издөөгө алынган. Бирок шектүү эки жумадан кийин прокуратурага өзү келип, жардыруучу каражатты колго жасап бергендигин айткан. Ошондой эле ал каза болгон жаран менен жабырлануучу жасалма куралды акчасын бербей жаткан адамды коркутуу максатында алгандыгын билдирген.

Маалыматтар 1993-жылы чыккан гезиттерден алынды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган январь айындагы чуулгандуу жети соттук чечимди окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0