Төш белгиси жок милиционер кык жүктөгөн фураны токтоткон. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековРейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке
Рейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу милиция кызматкеринин төш белгиси жок болгондугуна байланыштуу документтерин көрсөтүүдөн баш тарткан

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Интернет айдыңында милиция кызматкери белгисиз үлгүдөгү жүк ташуучу унааны токтотуп, айдоочу эмне жүктөп бара жатканына кызыккан видео тарады.

Айдоочу кык жүктөп баратканын айтып, эмне себептен укук коргоочунун төш белгиси жок экенин сураган. Милиционер болсо жаңы кызматкер болгондуктан азырынча төш белги ала электигин, бирок күбөлүгүн көрсөтө аларын билдирген.

Презентация новой службы ГУВД и развод Бишкекского гарнизона - Sputnik Кыргызстан
ИИМ Токмок, Панфилов райондук ИИБ менен криминалдык милиция башчысын алмаштырды
Бирок айдоочу төш белгиси жок милиционерге эч кандай документин көрсөтө албаарын билдиргенде, аны айласыздан кое берген.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖККББ) аталган видео эски экенин билдирүү менен учурда кайда тартылганы жана айдоочу эмне себептен токтотулганын тактоо үчүн иштер жүрүп жатканын билдиришти.

Буга чейин ЖККББнын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов милиция кызматкерлерин сүрөт жана видеого тартып, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого мыйзам чегинде тыюу салынарын айткан. Бирок Башкы прокуратура анын кебин четке кагып, эскертүү берди

Жаңылыктар түрмөгү
0