Бишкекте кош бойлуу келин жер алдындагы өтмөктөн тайгаланып кулап эсин жоготту

© пресс-служба мэрии города БишкекОткрытие подземного перехода на пересечении проспектов Чуй и Манаса в Бишкеке
Открытие подземного перехода на пересечении проспектов Чуй и Манаса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу Улуттук госпиталга жаткырылган

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кош бойлуу келин Бишкектеги Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде жайгашкан жер алдындагы өтмөктөгү плиталарга тайгаланып кулаганын күбөлөр билдирди. 

Алардын айтымына караганда, окуя кышкы мезгилде тайгалак болуп калган плиталардын кесепетинен болгон. Тез жардам кызматы келгиче күбөлөр келиндин жанында болушкан. 

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Эшенбаев: жакынкы күндөрү Бишкекте жер үстүндөгү экинчи өтмөк колдонууга берилет
Бишкектиктер мындай жагымсыз окуя бүгүн саат 18.00дө болгонун айтышууда. Келиндин башы жерге катуу тийгендиктен бир саамга эс учун жоготуп койгон. Медицина кызматкерлери келгиче ага биринчи жардам көрсөтүлгөн. Күбөлөрдүн айтымында, ал жерден дагы төрт адам тайгаланып, кулап кете жаздаган. 

Келин болжол менен 25 жаштар чамасында. Ал өзүнө келгенде алты айлык боюнда бар экенин билдирген. 

Бишкек шаардык Тез жардам кызматы аталган дарекке чакыруу болгонун ырастап, жабырлануучу Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылганын маалымдады. 

Бишкектеги жер алдындагы өтмөктөрдүн полу буга чейин бетондон болчу, кийин ремонт учурунда плиталар төшөлгөн. Өткөн жылдын күз айларында ушул эле өтмөктүн чатырынан суу өтүп реконструкция жасаган компания кайра оңдоо иштерин мойнуна алган

Жаңылыктар түрмөгү
0