Аксыда 4 мугалимди машина коюп, экөө каза болду. Айдоочунун милиция экени айтылууда

© REUTERS / Emiliano Grillotti Серия землетрясений в городе Пенне, Италия
Серия землетрясений в городе Пенне, Италия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 10-февраль күнү саат 17:00 чамасында Аксы районунда катталган

ЖАЛАЛ-АБАД, 10-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы жол кырсыгынан эки жаран каза болуп, экөө ооруканада. Бул маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 10-февраль күнү саат 17:00 чамасында Аксы районунда катталган.

"Жергиликтүү мектептердин биринде иштеген төрт мугалим жыйындан чыгып үйлөрүнө баратканда жолдон унаа коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен эки мугалим окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми кырсыкка кабылган дагы эки мугалим Аксы райондук аймактык ооруканасына жеткирилген", — деп милициядан билдиришти.

Ал эми жол кырсыгына кабылган унаанын айдоочусу милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Айдоочунун милицияда иштегендиги тууралуу маалымат текшерилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0