Депкир менен сабалган баланын сөөгүн туугандары алуудан баш тартты

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью с патологоанатомом Валентиной Пахман
Интервью с патологоанатомом Валентиной Пахман - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын сөөгү Ош шаарындагы көрүстөндөрдүн бирине коюлат

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Ошто энеси депкир менен сабаган наристенин сөөгүн апасынын жакындары алып кетүүдөн баш тартты. Бул тууралуу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Баланын сөөгү Ош шаарындагы көрүстөндөрдүн бирине коюлат. Бирок апасынын жакындары өлүктү алып кетүүгө макул болгон жок", — деди Токобаева.

Случаи пропажи детей - Sputnik Кыргызстан
Араванда 4 жаштагы бала кудукка түшүп кетип чарчап калды
Эске сала кетсек, Ош шаарында 24 жаштагы өз энеси депкир менен сабаган 3 жаштагы бала эс-учун жоготуп, облустук балдар ооруканасынын жандандырууу бөлүмүнө келип түшкөн. Бул фактынын негизинде шектүү катары баланын энеси шаардык милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 11-февраль күнү саат 18:30дар чамасында бала өзүнө келбей каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0