Апасы сабап ооруканада чарчаган баланы соцкызматкерлер жерге берди

© Sputnik / Саид ЦарнаевЗахоронение мусульманина
Захоронение мусульманина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы Сулайман Тоо мечитинде балага куран окулган

ОШ, 13-фев. — Sputnik. Апасы депкир менен сабап комага түшүп көз жумган баланын сөөгү Ош шаарындагы Южный кичирайонунда жайгашкан борбордук көрүстөнгө коюлду. Бул тууралуу Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Центр здоровья Altagracia в Манагуа - Sputnik Кыргызстан
Чымчыктар ай!... Жакыны сабап, бычактап, кордогон бөбөктөр. Жүрөк титиреткен 7 окуя
Ош шаарында 24 жаштагы өз энеси депкир менен сабаган 3 жаштагы бала эс-учун жоготуп, облустук балдар ооруканасынын жандандырууу бөлүмүнө келип түшкөн. Бул фактынын негизинде шектүү катары баланын энеси шаардык милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 11-февраль күнү саат 18:30дар чамасында бала өзүнө келбей каза болгон.

Наристе чарчап калгандан кийин энесине коюлган айып өзгөрүлүп, "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча соттолмой болгон.

Буга чейин ал бала комага түшүп ооруканага жеткирилгенден баштап шаардык соттун токтомунун негизинде Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кароосуна алынганын айткан.

"Кечээ, 12-февраль күнү, баланын таятасына телефон аркылуу байланышып, анын каза болгондугу тууралуу айттым. Бирок таятасы ооруп жатканын, сөөккө келе албай тургандыгын билдирди. Андан соң сөөктү башкармалыктын кызматкерлери калаадагы Сулайман Тоо мечитине алып барып, ал жерден молдолор куран түшүрүштү. Южный кичирайонунда жайгашкан борбордук көрүстөнгө баланын сөөгү жерге берилди", — деди Токобаева.

Ал ошондой эле сөөктү көрүстөнгө жеткирүүдө унаа маселесине шаардык мэриянын тиешелүү кызматкерлери көмөктөшкөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0